
Чек ара
11:47, 2021-ж., 30-июль
Кыргыз-тажик чек арасы: Президенттин өкүлү бараткан унаага таш ыргытылды
Чек ара

Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылда болгон окуя боюнча сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргенин Турмуш басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 29-июлда саат 20:10 чамасында Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылындагы курулуп жаткан үйлөрдүн курулуштарынан кабар алган соң, Таш-Тумшук айылына барышкан. Анда өрттөлгөн турак үйлөрдү көрүп жаткан учурда ал айылга жанаша жайгашкан Тажикстандын Хожа-Ало айылынын 15-20га жакын тургундары келишкен. Ортодо пикир келишпестик жаралып, Тажикстандын жарандары таштар менен уруп жиберишкен. Натыйжада Ак-Сай айыл аймагынын башчысынын унаасынын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.
Окуя катталгандан кийин ыкчам териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлүп, Исфара РИИБдин башчысы Тажикстандын жарандары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдарды төлөп, таш урган тажик жарандарына карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убадалады.
Учурда Баткен районунун акими, Исфара районунун акими жана эки тараптын райондук күч органдарынын жолугушуусу жүрүүдө. Анда акимдердин деңгээлинде чыр-чатактарды кайрадан болтурбоо жана алдын алуу, чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу жана орун алган пикир келишпестиктердин себептерин эки тараптуу күч органдары тарабынан иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер