• Башкы бет
  • Алайда жол кырсыгынан улам 2 адам каза болду
10:50, -ж., 30-июль

Алайда жол кырсыгынан улам 2 адам каза болду

Алайда жол кырсыгынан улам 2 адам каза болду

Алай районунда эки адамдын өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгы катталды.

Маалыматка ылайык, Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 93-чакырымында, Кызыл-Коргон айылында «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек (1970-жылы туулган А.К.), 1 аял (1971-жылы туулган Т.О.) каза болгон.

Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...