• Башкы бет
  • Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлөт
14:17, -ж., 29-июль

Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлөт

Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлөт

Өзгөн шаарында зордукталган 12 жаштагы кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин Турмуш басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, М.Р.нын үй-бүлөсүнүн жашоо шарты орточо. Кыздын энеси үй кожойкеси, ал эми атасы Казакстанда эмгек мигранты болуп акча таап, үй-бүлөсүнө акча которуп келет.

Бул үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө катары жашы жете элек үч баласына ай сайын 2430 сом көлөмүндө жөлөк пул алат. Мектептин маалыматына караганда, М.Р. тартиптүү жана алдыңкы окуучулардын бири.

«Учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. Психолог жашы жете элек кызды жана анын үй-бүлөсүн калыбына келтирүүгө жардам берет. Ошондой эле, анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...