15:19, -ж., 28-июль

Күндүн ысык аптабы качан төмөндөйт?

Күндүн ысык аптабы качан төмөндөйт?

30-июлдан баштап республика боюнча абанын температурасы төмөндөп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда АКИpress агенттиги Кыргызгидрометке шилтеме берүү менен жазды.

Алардын маалыматы боюнча, абанын температурасы 5-8 градуска төмөндөйт. Муну менен 30-июлда абанын максималдуу температурасы +31 градус болот.

«Республикада 24-июлдан 27-июлга чейин аномалдуу ысык байкалды. Июль айында абанын температурасы дайыма жогорулайт. Республикага ысык аба түштүк тараптан, болжол менен Афганистан сыяктуу өлкөлөрдөн келди», - дешет синоптиктер.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, республикадагы эң ысык күн 1983-жылы 30-июлда катталган. Ал кезде абанын температурасы 42,8 градус болгон.

«Ал эми ушул жылы 21-июлда Бишкек шаарынын тарыхында эң ысык күн катталды. Кечээ абанын максималдуу температурасы 41,3 градусту түздү. Бул нормадан 6,9 градуска жогору», - деп айтылат Кыргызгидрометтин маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...