
13:39, 2021-ж., 28-июль
Бишкек шаардык соту БШКнын "Биздин Кыргызстан" партиясын тизмеден четтетүү боюнча чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту БШКнын «Биздин Кыргызстан» партиясын тизмеден четтетүү боюнча чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту БШКнын чечимин жокко чыгарган.
"Урматтуу мекендештер! Сиздердин ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп өчпөй жарыгын чачты десем дагы болот. Бүгүн, соттун чечими адилеттүү болду. Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкек шаардык соту тааныды! Бул деген Кыргызстанда демократиянын эпкини бар экендигин түшүндүрөт.",-деп билдирүү калтырган А. Осмонов.
26-июль күнү БШК "Биздин Кыргызстан" партиясын тизмеден четтетип, Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыктарын тааныган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер