• Башкы бет
  • Эмне үчүн эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес?
11:34, -ж., 28-июль

Эмне үчүн эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес?

Эмне үчүн эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү  милдеттүү эмес?

Эмдөө үчүн эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин антителолорго текшерүү болбойт? Бул суроого Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов жооп бергенин Коронавирус боюнча Республикалык штабдын маалымат борбору таратты.

- Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи?

- Эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес, анткени көп жерде коронавируска антителону текшерүүгө лабораториялар жок.  Эгерде антитело жок болсо, эмдөөдөн кийинки вируска каршы иммунитет көтөрүлөт. Ал эми антитело бар болгон учурда анын саны вируска каршы көбөйөт.

- Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи?

- Эмдөөдөн кийин антителону текшерүүнүн кажети жок. Анткени эмдөөдөн өткөндөн кийин  ар бир адамда антитело ар кандай иштелип чыгат.

- Лаборатордук текшерүүдө бардыгында антитело болушу мүмкүнбү?

- Лаборатордук текшерүүдө кээ бир адамдарда антитело бар болсо, кай биринде  жок болушу мүмкүн. Бул тест-системадан көз каранды. Эгерде S белоктун негизинде жасалган вакцина  болсо, анда N  белокко антителону  аныктай турган тест-система, S белокко каршы иштелип чыккан антителону көрө албайт.

- Эмдөөдөн кийин адам ооруп калышы мүмкүнбү?

- Эмдөө- ооруну чакырбайт. Себеби вакцина авируленттүү, өлтүрүлгөн вирустардан же анын бөлүктөрүнөн турат. Вакцина антитело иштелип чыккандан кийин ооруга бөгөт коет. Эгерде адам вирус жуктуруп алып, симптомдору пайда болгончо вакцина алса, анда ал оору калышы мүмкүн. Бирок бул эмдөөдөн  улам деп айтууга болбойт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...