• Башкы бет
  • Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланат
09:56, -ж., 28-июль

Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланат

Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланат

Өмүрбек Бабановдун ден соолугунун начарлашына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөрдү. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таркатты.

Бабанов «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай этаптарындагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда кармалып, 31-июлга чейин камакка алынган.

«Бирок, Ө.Бабановго карата камакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселесин кароодо, анын ден соолугунун начарлап кеткендигин жана республиканын чегинен тышкары медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ө.Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуусу үчүн камактан бошотту.

Ө.Бабанов шектүү катары өтүп жаткан «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, кылмышкерлерди аныктоо жана жоопко тартуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, анын ичинде Ө.Бабановго байланыштуу иш-аракеттер тууралуу коомчулукка тынымсыз маалымат берип турат, деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...