09:40, -ж., 28-июль

Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды

Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды

Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталды. Мындай маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кабарга караганда, Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарында жашаган 12 жаштагы өспүрүм кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу билдирүү келген.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган. Ал аталган күнү көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан ажаткананын жанында белгисиз жаран зордуктаганын айткан. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы боюнча аталган кыздын зордукталганы аныкталган.",-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча 24-июлда Жазык кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...