• Башкы бет
  • Ошто коронавируска чалдыккан 10 бейтаптын абалы оор,-К. Ташполотов
16:09, 2021-ж., 27-июль

Ошто коронавируска чалдыккан 10 бейтаптын абалы оор,-К. Ташполотов

Ошто коронавируска чалдыккан 10 бейтаптын абалы оор,-К. Ташполотов

Ош шаарындагы кызыл зонада дарыланып жаткан 10 бейтаптын абалы өтө оор. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов билдиргенин Турмуш басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде COVID-19 алты адамдан аныкталып, алардын бешөө ооруканага жаткырылды.

«Ушул тапта кызыл зонада 98 бейтап дарыланууда. Акыркы бир сутка ичинде сегиз бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Өтө оор абалда 10 бейтап жатат. Оор абалда 50, орто оор абалда 38 бейтап дарыланууда. Күндүзгү жана түнкү стационарга 147 адам коронавирустун белгилери менен кайрылган», - деди Кыялбек Ташполотов.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери Ош шаарында 6 миң 907 адам COVID-19га чалдыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...