• Башкы бет
  • Биринчи май райондук соту Төрөбай Зулпукаровду камакта кармоо мөөнөтүн узартты
14:02, -ж., 27-июль

Биринчи май райондук соту Төрөбай Зулпукаровду камакта кармоо мөөнөтүн узартты

Биринчи май райондук соту Төрөбай Зулпукаровду камакта кармоо мөөнөтүн узартты

Биринчи май райондук соту бүгүн, 27-июлда Башкы прокуратуранын Төрөбай Зулпукаровду камакта кармоо мөнөтүн узартуу боюнча арызын карады. Бул тууралуу Акипресс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, арызды судья Туратбек Бекенов караган.

Аталган сот чечими менен Төрөбай Зулпукаровду  камакта кармоо мөөнөтүн  2 айга же 30-сентябрга чейин узартты.

Депутат Асылбек Кочкоров жактоочу тарап соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттана тургандыгын билдирди.

Төрөбай Зулпукаров ушул жылдын 31-майында Кумтөр кенине байланыштуу кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...