• Башкы бет
  • "Биздин Кыргызстан" париясы БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылат
11:58, -ж., 27-июль

"Биздин Кыргызстан" париясы БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылат

"Биздин Кыргызстан" париясы БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылат

"Биздин Кыргызстан" партиясы БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко карйыларын партиянын тизмеси менен талапкер катары Оштогу шайлоого катышкан Медер Абдыманапов Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, БШКнын жумушчу тобунун партияны тизмеден четтетүү боюнча эч кандай фактысы жок болчу.

"Биздин баш мыйзамда так жана даана көрсөтүлгөн. «КРнын ар бир жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу»,- деп турат. Демек 10 адам Ош шаарындагы 21 миң 500 шайлоочунун шайлоо укугунан  бир заматта бир добуштан ажыратып койду. Биздин бүгүн маалымат жыйын бергенибиздин эң негизги максаты-БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылабыз.",-деди Абдыманапов.

Кечээ, 26-июль күнү БШКнын жумушчу тобу Ош шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгын карап,"Биздин Кыргызстан" партиясын тизмеден четтеткен. Анын себеби катары жумушчу топ партиянын талапкерлери добуш сатып алууга аралашкан деген жүйөөнү келтиришкен.

Кыргызстанда жергиктүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде өткөн. Анда Ош, Бишкек, Токмок шаарларындагы шайлоо жокко чыгарылган болчу. Кайра шайлоону БШК 11-июлга дайындаган эле. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...