• Башкы бет
  • "Биздин Кыргызстан" партиясы тизмеден чыгарылды
09:40, 2021-ж., 27-июль

"Биздин Кыргызстан" партиясы тизмеден чыгарылды

"Биздин Кыргызстан" партиясы тизмеден чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине кайрадан шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" партиясынын добуштарын жокко чыгарып, тизмеден чыгарды.

Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун белгиледи. Жумушчу топ аталган партияны тизмеден чыкканын эске алуу менен Ош шаардык кеңешинин шайлоосун өттү деп тааныды.

Ал эми партияны негиздеген Нурбек Осмоновдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов сотко кайрыларын "Фейсбук" баракчасына жазды.

11-июль күнү Ош, Бишкек, Токмок шаардарында кайра шайлоо өткөн. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...