• Башкы бет
  • Коронавируска чалдыккан кош бойлуу келин каза болду
09:30, -ж., 27-июль

Коронавируска чалдыккан кош бойлуу келин каза болду

Коронавируска чалдыккан кош бойлуу келин каза болду

Ош облустар аралык ооруканасында коронавирус илдетинен улам кош бойлуу келин көз жумду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда  ал 6 айлык кош бойлуу болгон. Курсактагы бала өнүгүүсүн токтоткон. Жасалма төрөттөн кийин келиндин бөйрөгү иштебей, абалы начарлап кеткен. 18-июлда ал Ош облустук төрөт үйүнө жаткырылып, 19-июлда Ош бириккен аймактар ​​аралык ооруканасына которулган.

Маалымат ооруканадан тастыкталды. Алардын айтымында, келин кош бойлуу кезинде коронавирус илдетине кабылган.

«19-июль күнү Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын 1997-жылы туулган тургуну Т. кызы Г. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына келип түшкөн. Ал оор абалда реаниматологдордун коштоосунда которулган. Ага чейин Т. кызы Г. Ош облустук төрөт үйүнө Баткен облусундагы Кадамжай районунан келип жаткан. 11-июлда келин ичи ооруп, кан аралаш суюктук менен Кадамжай аймактык ооруканасына келген. Алгачкы медициналык кароодон өткөргөн учурда 26-27 апталык боюнда бар экени аныкталган. УЗИден өткөргөндө боюндагы түйүлдүк өрчүбөй калганы белгилүү болгон. Бала курсагында өспөй, чарчап калган.

Ага геморрагиялык шок (бул дененин курч кан жоготуусу менен байланышкан критикалык абалы, макро-жана микроциркуляция кризиси, көптөгөн органдардын синдрому жана полисистемалык жетишсиздик) жана төрөттөн кийин бөйрөктөрдүн иштен чыгышы деген диагноз коюлган.

Бейтапка экинчи жолу операция жасалган. Бир нече күндөн кийин жатынды алууга туура келди. Бейтаптын бөйрөктөрү да иштешин токтоткон. Буга чейин ал гемодиализ алып жүргөн экен.

23-июлда бейтаптын деми кысылып, жөтөлүп, дене табы көтөрүлө баштады. Биз тез арада рентген жасап, ПЧР-анализ алып текшергенде коронавирус жуктуруп, эки тараптуу пневмонияга чалдыкканы аныкталды. Келин 25-июлда каза тапты. Өлүмгө ушул диагноздор себеп болду», - деп билдиришти ооруканадан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...