• Башкы бет
  • Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды
15:26, -ж., 26-июль

Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды

Эмдөөдөн кийин каза болгон аялдын өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды

Алдын ала маалыматка караганда, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө көз жумган Назгүл Исакова коронавирус менен ооруп жаткан. Бул тууралуу АКИpress агенттиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге шилтеме берүү менен жазды.

«Ал коронавирус менен ооруп жүргөн экен, ошого байланыштуу абалы оорлошуп кеткен болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлүп жатат. Азырынча өлүмүнүн себебин так айтуу эрте», - деди ал.",-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Ал ооруканага аллергиялык реакция менен түшкөн.

Туугандары Исакова коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын айынан көз жумганын айтып жатышат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги комиссия түзүп, окуяны иликтеп жатканын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...