• Башкы бет
  • Сабалган балдардын ата-энеси президентке кайрылды
14:55, -ж., 26-июль

Сабалган балдардын ата-энеси президентке кайрылды

Сабалган балдардын ата-энеси президентке кайрылды

17-июль күнү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылынын Жылышма жайлоосунда сабалган 2 баланын ата-энеси бүгүн Ошто маалымат жыйын берип, балдарынын иши адилеттүү каралуусун президенттен суранышты.

Алардын айтымында, балдарын сабаган балдар да ооруканада жатат. Милиция аталган кылмыш ишке жетишерлик чара колдоно албай жатат. Андыктан алар президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдерден иштин жүрүшүн адилеттүү карап берүүсүн суранышты.

Буга чейин 17-июль түнү 2 жаран топ балдар тарабынан сабалып, оор абалда ооруканада жатканы кабарланган. Кийинчерээк сабалган жарандардын жакындары Өзгөн райондук администрациясынын алдына нааразылыкка чогулгандыгын журналист Ыдырыс Исаков жазып чыккан эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...