• Башкы бет
  • Ош шаарындагы айрым жөө жүргүнчүлөр көпчүлүк автожол кырсыктарынын себепкерлери болуп калышууда,- милиция
14:24, -ж., 26-июль

Ош шаарындагы айрым жөө жүргүнчүлөр көпчүлүк автожол кырсыктарынын себепкерлери болуп калышууда,- милиция

Ош шаарындагы айрым  жөө жүргүнчүлөр   көпчүлүк автожол кырсыктарынын себепкерлери болуп калышууда,- милиция

Ош шаарында катталган жол кырсыктардын 53 пайызына жөө жүргүнчүлөр күнөөлүү. Мындай маалыматты Ош шаардк ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарктатты.

Анда айтылгандай, Ош шаарындагы акыркы 6 айда катталган автожол кырсыктарынын 53 пайызында жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөлөрү бар. (280 автожол кырсыгынын 150сүндө жөө жүргүнчүлөр катышкан). Анткени айрым жөө жүргүнчүлөр:

1.Жолдо жүрүүнүн эрежелерине көӊүлбурушпайт;

2. Атайын жөө жүргүнчүлөр үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт;

3.Жаш балдарын коштобостон, жол аркылуу өтө турган жерде жайгашкан дүкөндөргө жумшашат;

4. Жолдо өтүп бара жатышып наушник тагып алышат, же телефондорго алаксышат;

5.Мас абалда жолго чыгып алышат;

6.Жолдон өтүүдө сергектик менен өтпөстөн, түрдүү башка нерселерге алаксып калышат;

7.Тротуар менен эмес, жол бойлоп басышат;

8.Жолдон жүгүрүп, велосипед айдап өтүшөт.

"Жогоруда белгилегендей, ушундай кырсыкка кабылган 150 учурдагы биздин жарандарыбыз «бүгүн кырсыкка кабылам»,- деп ойлошкон эмес. Жол кырсыгына кабылбоо үчүн «кудай сактасын» аздык кылат. Жолдоо жүрүүнүн эрежесин сактоо керек. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюна милициянын кайгуул кызматы жана башкармалыктын аймактык тескөөчүлөрү өткөн жума аралыгында жөө жүргүнчүлөрдүн арасындагы автожол кырсыктарын алуу максатында атайын рейд уюштурушуп, негизинен профилактикалык иш чараларды өткөрүүгө басым жасалды. Милиция кызматкерлери туура эмес жолдон кесе өтүшкөн жөө жүргүнчүлөргө мындай өтүү туура эмес экендигин эскертишип, кырсыктар тууралуу маалыматтарды беришти. Албетте, туура эмес жерден жолду кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө дагы жазана салууга болот, бирок, милиционерлер бул сапар жол эрежесин бузган жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо зарылдыгын түшүндүрүү менен жеткирүүгө аракет жасашты. Бул рейд учурунда милициянын кайгуул кызматы тарабынан 1288 жол эрежесин бузгандарга протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 6 айдоочу масс кармалган. 75 автомашина айып короосуна киргизилди. Анын ичинен 34 айдоочу документерсиз машина айдап жүрүшкөн.",-деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жөө жүргүнчүлөрдү шаар аймагында атайын белгиси бар өткөөлдөрдөн гана өтүүнү, жол эрежесине так болуп, өздөрүнө сак болууга чакырат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...