14:02, -ж., 26-июль

"Женгонун" жан сакчысы кармалды

"Женгонун" жан сакчысы кармалды

Ош облусунда «положенец» – криминалдык чөйрөдө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Баракелде басылмасы ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 23-июлда Ош облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.А.ны кармашты. Ал – Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы. Ошону менен бирге ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган жана буга чейин соттолгон.

"Милициянын маалыматына караганда, 10-июлда М.А. шериктери менен бирге кафенин алдында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, барсеткасын тартып алышкан. Барсеткада 1 миң 600 доллар жана 48 миң сом бар болчу.",-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси менен (Ээнбаштык) КЖБРга катталган.

М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...