• Башкы бет
  • Ошто саатына 2 миң сомдон тапкан сойку кармалды
09:24, -ж., 26-июль

Ошто саатына 2 миң сомдон тапкан сойку кармалды

Ошто саатына 2 миң сомдон тапкан сойку кармалды

Ош шаарында бир ай мурун сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган келин кармалып, анын иши сотто 22-июлда каралды. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Акзия (аты өзгөртүлдү) 1991-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 5 баланын энеси. Эч жерде иштебейт. Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 78-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде 4 жылга эркинен ажыратылган. Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) 2 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулган. Андан кийин кайра Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен айыпталып, Ош шаардык сотунда жазык иши каралды.

"Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Акзия сойкулук менен алектенүү үчүн ушул жылдын 22-июнунан 24-июнуна чейин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирди ижарага алып, көмүскө жай уюштурган. 24-июнда аталган жай тинтүүгө алынып, жалпы 2000 сом табылган. Бул акча видеокамеранын жана күбөлөрдүн катышуусунда алынып, протокол түзүлдү.",-деп айтылат маалыматта.

Соттук отурумда Акзия угузулган айып боюнча күнөөсүн мойнуна толук алып, төмөнкүлөрдү айтты: Ал аталган батирди жарнамадан таап, аны 3 күнгө ижарага алып, сойкулук менен алектенип баштаган. Ал эми батир ээси менен ижара акысына күнүнө 2000 сомдон төлөй турган болуп сүйлөшкөн.

Айыпталуучу белгилегендей, алгач өзү жалгыз иштеп, кардарлардан саатына 2000 сомдон алчу. Андан кийин Чүйдүн Сокулук районунан тааныш кызы келип, экөө иштеп башташкан. 24-июнда саат 22:30 чамасында кардар келген. Экөө 2000 сомго макулдашып, аны менен жыныстык катнашта болуп жаткан учурда милиция кызматкерлери келишкен.

Акзия сотто кечирим сурап, ага карата пробациялык көзөмөл колдонууну суранды.

Айыпталуучу Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 79-беренесине (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) ылайык, Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 5 жылга эркинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 2 жыл 6 айлык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...