• Башкы бет
  • Жаңы окуу жылы онлайн режиминде башталышы мүмкүн
14:01, -ж., 23-июль

Жаңы окуу жылы онлайн режиминде башталышы мүмкүн

Жаңы окуу жылы онлайн режиминде башталышы мүмкүн

Жаңы окуу жылы онлайн режимде башталышы мүмкүн.Бул тууралуу Билим Акипресс сайты  Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева «Биринчи радионун» эфиринде берген маегине таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, Гүлшан Абдылдаева азыркы учурда жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатканын,  мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын айткан.

«Эгер калктын 70%ы эмдөөдөн өтсө, сентябрдан тарта окуучулардын баары кадимки форматта окуп башташат деген талкуу жүрүп жатат. Мугалимдердин август педагогикалык кеңешмесинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте актуалдуу маселелер талкууланат. Окууну толугу менен офлайн режимде баштоо үчүн мектепте иштеген бардык мугалимдер жана кызматкерлер эмдөөдөн өтүшү керек», - деди Абдылдаева.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...