15:36
Кечээ
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Достук, Чаңгыр-Таш айылында жүргөн селдин кесепетинен 446 үй жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка караганда жабыркаган 446 үйдүн ичинен 118 үй толугу менен суунун астында калган.Мындан сырткары, 46 үй жашоого жараксыз деп табылды.
Андагы дамба жарылгандыктан бала бакча, оорукана суунун айтында калган. Учурда тазалоо, келтирилген чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат.
20-июлда Сузак районунда болгон селдин кесепетинин 6 жаштагы кыз каза болгон.
Комментарийлер