11:30, -ж., 23-июль

Чет жактан келген жан кечти кармалды

Чет жактан келген жан кечти кармалды

Бүгүн, 22-июлда УКМК терроризмге каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлүк жаранды кармады. Ал айрым КМШ өлкөлөрүнүн террордук жашыруун уюмдары менен туруктуу байланышта болуп, идеологиялык колдоо көрсөтүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн биринде террористтик актыга жан кечти террорчу катары катышууну пландаштырганы аныкталды. Бул тууралуу "Акипресс" басылмасы УКМКнын басма сөз кызматына таянуу менен жазды.

Маалым болгондой, кырдаалдан пайдаланып деструктивдүү идеологияны жайылтуу үчүн диний-экстремисттик уюмдардын активдешүүсү байкалган.

"Ушул жагдайга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын УКМКсы жарандарды сак болууга чакырат. Эгерде террористтик кылмышка даярдануу белгилери байкалса, өз убагында ыкчам чара көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана алардын ишин токтотуу боюнча иш-чараларды улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...