• Башкы бет
  • Ош облусунда "Өспүрүм-түн" аттуу рейд жүрүүдө
17:40, 2021-ж., 22-июль

Ош облусунда "Өспүрүм-түн" аттуу рейд жүрүүдө

Ош облусунда "Өспүрүм-түн" аттуу рейд жүрүүдө

21-22-23-июль күндөрү Ош облусунун аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун, бөөдө кырсыктардын алдын алуу жанабалдардын ден соолугуна, психикалык, руханий, адептик өсүп-өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөргө бөгөт коюу максатында "Өспүрүм-түн" аталыштагы рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка караганда рейддин биринчи күнүндө облустун аймагында Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан түнкү убакытта көчөлөрдө, спорттук аянтчаларда, эс алуучу жайларда, көлмө жана аларга жакын аймактарда, интернет клубдарда ата-энелердин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүргөн 44 жашы жете элек аныкталган.

"Алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссияга сунуштар жөнөтүлдү. Ал эми жашы жете электердин баруусуна тыюуу салынган же чектелген жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди.",-деп айтылат маалыматта.

Мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00 дөн таңкы саат 6:00 гө чейин ата-энелеринин же алардын ордун алмаштыруучу адамдардын коштоосусуз жүрүүсүнө тыюу салынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...