• Башкы бет
  • Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыкты
15:43, -ж., 22-июль

Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыкты

Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыкты

Коронавируска каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөргө байкоо жүргүзүү иштери уланууда. Бүгүн, 22-июль күнү жүргүзүлгөн мониторинг боюнча вакцина алган жарандар өзүн жакшы сезишүүдө. Мындай маалыматты Коронавирус боюнча Республикалык штабдын маалымат борбору социалдык баракчасына таркатты.

Маалым болгондой, Вакцина алган жарандар өздөрүн жакшы сезишүүдө. Эмдөөдөн кийинки терс көрсөткүчтөрдүн бардыгы 1-2 сутка ичинде жок болуп, олуттуу маселе жаралган жок.

"Синофар" вакцинасы менен эмделгендердин жалпы саны 297 миң адамга жетти. Эмделгенден кийин эң көп сезилген белгилери, алсыздык, баш оору, ийне сайылган жерде оору, чыйрыгуу, дене табы 39 градус төмөн болгону байкалган. 

"Спутник  V" вакцинасы менен эмделгендердин саны 90 миң 756 адамга жетти. Эмдөөдөн өткөндөн кийин эң көп кездешкен белгилери, ийне сайылган жерде оору, алсыздык, дене табы 39 градустан төмөн болгон.",-деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, вакцинанын эки түрү менен эмделгенден кийин жүрөк айлануу, кан басымдын жогорулашы, коркуу, булчуңдардагы оору, мурундан суу агуу, жөтөлүү, ангина ж.б. байкалат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...