• Башкы бет
  • Ошто мүрзөгө көмүлгөн денени бир аптадан кийин казып алышкан
15:47, -ж., 21-июль

Ошто мүрзөгө көмүлгөн денени бир аптадан кийин казып алышкан

Ошто мүрзөгө көмүлгөн денени бир аптадан кийин казып алышкан

Ош шаарында өзүн-өзү асып өлдү делген келиндин сөөгүн жакындары 1 жума өтпөй кайра мүрзөсүнөн казып алышты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы өздүк булактарына шилтеме билдирүү менен  жазды.

Аталган басылманын маалыматына караганда, каза болгон келиндин жакындары анын өз жанын кыйганына ынанышкан. Бирок 1 жума өтпөй анын сөөгүн эксгумация (өлүмдүн себептерин аныктоо масатында көмүлгөн өлүктү текшерүү) кылуу үчүн милицияга арыз жазышкан.

Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы да тастыктаган.

Милициянын басма сөз кызматы келиндин жакындары анын сөөгүн мүрзөсүнөн казып чыгып, эксгумация жасатышкан. Келин 3 баланын апасы болгон деп билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...