• Башкы бет
  • Ош шаарында эттин баасы 30 сомго жогорулады
15:01, -ж., 21-июль

Ош шаарында эттин баасы 30 сомго жогорулады

Ош шаарында эттин баасы 30 сомго жогорулады

Ош шаарында эттин баасы 30 сомго жогорулап, 1кг.эт 500 сомдон сатылууда. Ош шаарында эт сатып иштеген соодагерлердин айтымында, акыркы 1 жумада эттин баасы 30 сомго жогорулаган.

Мунун себебин алар жемдин жана тоюттун баасы кымбат боолуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

"1 апта мурун 1 кг.этти  470 сомдон сатып жатканбыз. Жемдин, тоюттун баасы кымбаттагына байланыштуу бизди эт менен камсыздоочулар дагы бааны кошушту. Ошондуктан биз дагы коштук. Учурда 1 кг. этти 500 сомдон сатып жатабыз",-деди сатуучулардын бири.

Буга чейин эттин 1 кг.мы 450 сом болсо, кийинчерээк 470 сомго болгон. Жалпылап алганда бир жарым жыл ичинде Ош шаарында эттин баасы 120-130 сомго жогорулады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...