• Башкы бет
  • Жалал-Абад: Сузакта бир нече айылдарга сел кирип, бирөө каза болду
13:29, -ж., 21-июль

Жалал-Абад: Сузакта бир нече айылдарга сел кирип, бирөө каза болду

Жалал-Абад: Сузакта бир нече айылдарга сел кирип, бирөө каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу бир нече айылда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, 20-июлда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен аталган районго караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Достук, Чангыр-Таш айылдарынын жогору жагындагы колотто жайгашкан сел тосмого (бийиктиги 18 метр, узундугу 150 метр, туурасы 50 метр) суу батпай, анын 50 метр (бийиктиги 6 метр) аралыгын сел суусу жеп кеткен. Чангыр-Таш айылындагы турак жай, огороддорду сел суусу каптап (саны такталууда), Сузак—Кара-Дарыя унаа жолунда каттам толук токтоп калган.

Мындан сырткары Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын 2015-жылы туулган тургуну М.Аруукени сел агызып кеткен. 22:50 чамасында кыздын жансыз денеси Чангыр-Таш айылындагы үйдүн короосунан, тактап айтканда өзүнүн үйүнөн 500 метрдей алыстыктан жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Учурда тиешелүү техникалар жана куткаруучулар барып, тазалоо жана сел каптаган турак үйлөрдү тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...