• Башкы бет
  • Кыргыстанда былтыркыга салыштырмалуу быйыл пневмония менен ооругандардын саны өстү
12:58, -ж., 21-июль

Кыргыстанда былтыркыга салыштырмалуу быйыл пневмония менен ооругандардын саны өстү

Кыргыстанда былтыркыга салыштырмалуу быйыл пневмония менен ооругандардын саны өстү

Былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырганда быйылкы жылы Кыргызстанда пневмония менен ооругандардын саны 24 пайызга көбөйдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таркатты.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 16 миң адам пневмония оорусу менен ооруду. 

"Пневмония болуп ооругандарды облустарга бөлүп караганда, Нарын облусунда былтыркыга салыштырмалуу быйыл 1,7 пайызга, андан кийин Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаарында көбөйгөн. Мындан сыркары аталган оору менен ооругандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 20,1 пайыз Таласта,  25,3 пайызга Баткенде азайган",-деп айтылат маалыматта.

Коронавирус соңку бир суткада 1 миң 102 кишиден аныкталды.Бүгүнкү күндө бул вирусту жугузуп алгандардын саны 152 миң 709 адамга жетти. Анын 128 миң 905и айыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...