• Башкы бет
  • Токиодогу жайкы Олимпиаданын алгачкы оюндары башталды
10:15, -ж., 21-июль

Токиодогу жайкы Олимпиаданын алгачкы оюндары башталды

Токиодогу жайкы Олимпиаданын алгачкы оюндары башталды

Япониянын Токио шаарында жайкы Олимпиаданын алгачкы оюндары башталды. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, софтбол боюнча аялдар арасында  мелдештер старт алып, анда Япония менен Автралиянын курама командалары беттешип, натыйжада япон курамасы атаандашын 8-1 эсебинде жеңген. Мындан сырткары АКШнын курамасы Италиянын курамасынан 6-0 эсебинде жеңилсе, Мексика курмасы Канаданы 9-0 эсебинде уткан.

Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда болот. Мындай беттештер Олимпиаданын расмий ачылышы боло электе эле башталат.

Софтболдун олимпиадалык чемпионатына Япониянын, Канаданын, АКШнын, Автралиянын, Мексиканын, Италиянын курама командалары катышууда. Бул оюн Олимпиаданын программасына 1996-жылы кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...