• Башкы бет
  • Нью-Йорк соту "Центерра Голд Инк.тин" арызын убактылуу четке какты
09:32, -ж., 21-июль

Нью-Йорк соту "Центерра Голд Инк.тин" арызын убактылуу четке какты

Нью-Йорк соту  "Центерра Голд Инк.тин" арызын убактылуу четке какты

Нью-Йорк соту  "Центерра Голд Инк.тин"  Кумтөрдүн мүлкүн камакка алуу боюнча арызын убактылуу четке какты. Бул тууралуу "Тазабек" басылмасы Law360. шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорктун банкроттук боюнча соту 19-июлдагы отурумунда "Кумтөр Голд Ко" ишиндеги убактылуу баш коргоо чарасын четке каккан. АКШнын банкроттук боюнча кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, (кайра уюштуруу) "Центерра"  тарабынан соттун чечими чыккандыгы жөнүндө Кыргызстанга тиешелүү түрдө маалымдалган эмес.

Бул маалыматты Кумтөргө сырткы башкаруучу катары дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк да тастыктаган.

"АКШнын 1608, 28-мыйзамдарына ылайык, даттануу жана сотко чакыруу кызматы болбосо мен буйрук чыгара албайм жана буйрук чыгара алам деп ойлобойм",-деди сотто төрагалык кылуучу Бекерман",-деп айтылат маалыматта.

17-майда Жогорку Кеңештин чечими менен "Кумтөр Голд" компаниясына 3 айлык сырттан башкаруу киргизилген. Бул сунушту Кумтөр алтын кенинин ишин иликтеп жаткан комиссия берген. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...