• Башкы бет
  • Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос космоско учат
13:21, -ж., 20-июль

Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос космоско учат

Дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос космоско учат

"Амазон" компаниясынын негиздөөчүсү, учурдагы дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос шейшемби күнү өзүнүн "Блю Ориджин" компаниясы курган New Shepard кемеси менен космоско учат. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмала жазышууда.

Маалыматтарга караганда кеменин бортунда Джеффтин агасы Марк, авиакосмостук индустриянын ардагери, космоско учуу боюнча 82 жаштагы биринчи аял интсруктор Уэлли Фанк жана Голландиядан келген 18 жаштагы студент да болот.

"Безос мурунтан космоко учууну пландап жүргөн. Эгер космоско учуу жараяны жакшы өтсө, ал "космостук миллиардер" аталган экинчи адам болот. 11-июль күнү космоско учкан биринчи миллиардер британиялык Ричард Брэнсон болгон.",-деп айтылат маалыматтарда.

Безостун учуусу болжол менен 11 мүнөткө гана созулат. Капсуланы экипаж менен ракетадан 40 метр бийиктикке бөлүп алгандан кийин, ал болжол менен 105 метр бийиктикке көтөрүлүп, бир нече мүнөттүн нөлдүк тартылуу зонасында туруп, андан кийин парашют менен түшөт.

Безостун өзү ракетанын жана кеменин, ошондой эле авариялык-куткаруу тутумунун коопсуздугуна бекем ишенет жана экипаж мүчөлөрү космоско скафандрсыз чыгат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...