• Башкы бет
  • Ошто Курман айт намазы мечиттерде окулду
12:12, -ж., 20-июль

Ошто Курман айт намазы мечиттерде окулду

Ошто Курман айт намазы мечиттерде окулду

Бүгүн, 20-июль күнү Курман айт намазы Ош шаарында 41 мечитте окулду. 

Ош шаарынын мэри Таалайек Сарыбашов Сулайман-Тоо мечитинде Курман айт намазын окуп, шаардыктарды куттуктады.

"Урматтуу мекендештер, урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!Сиздерди бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздер менен чогуу ыйык Курман айт майрамын тосуп жатканыма кубанычтамын. Өткөн жылдары пандемияга байланыштуу бирге намаз окуй албай, канча бир туугандарыбыз жакындарын жоготту. Жараткан көзү өткөн мекендештерибизди мээримине алган болсун. Бүгүн да пандемиялык шартта Курман айт намазын окуганы чогулдук. Курман айт-тирүүлөрдүн майрамы! Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы экендигин билебиз. Бул күндү жалпы мусулмандар дасторкон жайып, ак тилек айтып, жакшы маанай менен тосуп алышат. Бул ыйык майрам жан дүйнөбүздү тынчтандырып, жакшы максаттарыбыздын ишке ашуусуна түрткү боло тургандай сезим калтырат.",-деди Т. Сарыбашов.

Курман айт намазы мечиттерде санитардык нормаларды сактоо  менен окулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...