• Башкы бет
  • Ош шаарында 50дөн ашык адам оор абалда жатат
16:09, -ж., 19-июль

Ош шаарында 50дөн ашык адам оор абалда жатат

Ош шаарында 50дөн ашык адам оор абалда жатат

Ош шаарында акыркы 1 сутка ичинде коронавирустун симптомдоруна окшош оору менен 207 адам кызыл зоналарга кайрылды. Бул туурасында Ош шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Ош шаардагы стационарларда COVID-19 илдетине чалдыккан 166 бейтап дарыланууда. 19-июлга карата дагы жаңы 15 учур катталган.

«Ош шаарындагы кызыл зоналарда дарыланып жаткан 13 бейтаптын абалы өтө оор. Оор абалда 61, орто оор абалда 92 адам жатат. Акыркы сутка ичинде 10 бейтап жаткырылды. 28 адам айыгып чыкты», - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 6 миң 796 адамга жетти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...