• Башкы бет
  • Ооган кыргыздары Тажикстандан кайра кайтарылды
15:20, -ж., 19-июль

Ооган кыргыздары Тажикстандан кайра кайтарылды

Ооган кыргыздары Тажикстандан кайра кайтарылды

Ооганстандан Тажикстанга качып келген кыргыздар кайра кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандагы жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалымат караганда 17-18-июль күндөрү 345 этникалык кыргыз өздөрү туруктуу жашаган Бадакшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылган.

"Алардын коопсуздугуна ооган өкмөтү кепилдик бергенден кийин көчүрүлгөн",-деп жазышат басылмалар.

13-июль күнү Ооганстандын Бадакшан провинциясынын Андемин айылында жашаган кыргыздар мал жандыктары менен кошо Тажикстанга качып өтүшкөн. Тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам чек арадан өткөрүп, Мургаб районуна жайгаштырышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...