• Башкы бет
  • Кара-Кулжада карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды
15:03, -ж., 19-июль

Кара-Кулжада карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды

Кара-Кулжада карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды

17-июль күнү түнкү саат 22:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылында  ач карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына айыл өкмөт башчысы Бактыбек Абдилазиз уулу тастыктаган.

«Түндө ач карышкыр Коо-Чаты айылындагы жайгашкан короого түшүп келип, майда жандыктарга кол салган. Ошол убакта короодогу мал-жандыктардын ызы-чуусунан фонарик жандырып чыккан 17 жаштагы кызга кол салып, буттан тиштеген. Кыз качып, араң кутулган. Андан соң түнкү 24:00дөн кийин дагы келгенде ошол жердеги чабан чыгып кармаша кеткен. Ызы-чуудан кошуналар да ойгонуп келип карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Карышкырдын кутурган кутурбаганын аныктоо үчүн Оштогу лабораторияга жибердик. Ал эми жаракат алган тургундар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат. Кечээ кабар алганбыз, абалдары жакшы», - деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...