• Башкы бет
  • Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону тааныды
13:59, -ж., 19-июль

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону тааныды

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону тааныды

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы акыркы отурумунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосу өттү деп табылды. Бул тууралуу Ош шаардык аймактактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, 15июль күнү отурум болуп, шайлоо өттү деп табылган.

«Отурум болду. Шайлоо өттү деген чечимге шайлоо комиссиянын 12-мүчөсү тең макул болушту. Биз чечимибизди БШКга жөнөттүк»,-деди Аттокуров.

11-июль күнү Кыргызстанда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин шайлоосу болгон. Алардын ичинен Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна 8 партия катышкан. Автоматтык түрдө санаган аппараттардын эсебине ылайык, 4 партия 7 пайыздан жогору дабуш алышкан эле. Алар, «Ата Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Бир-Бол».

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...