• Башкы бет
  • Ош: Өлкөдө биринчи социалдык дарыкана Ноокат районуна курулду
09:51, 2021-ж., 19-июль

Ош: Өлкөдө биринчи социалдык дарыкана Ноокат районуна курулду

Ош: Өлкөдө биринчи социалдык дарыкана Ноокат районуна курулду

Ноокат районунда биринчи жолу социалдык дарыкана ачылды.Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер департаменттинин түштүк филиалынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тургундар ал жерден арзан баада дары-дармек алып башташат.

«Өлкөдө биринчилерден болуп Ноокат районуна социалдык дарыкана ачылды. Социалдык дарыкана Саламаттыкты сактоо министринин демилгеси менен уюштурулду. Бул дарыкананын өзгөчөлүгү мүмкүнчүлүгү чектелип, социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган 1000 жаранга 25 пайыз жеңилдик менен, мүмкүнчүлүгү чектелген 2800 жаранга 15 пайыз жеңилдик менен, Ноокат районунун тургундарына 10 пайыздык жеңилдик менен дарылар берилет. Мындай оорукана жакынкы күндөрдө Кара-Суу районуна, Жалал-Абад шаарына да ачылат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...