• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров Оштогу долбоорлор менен таанышты
09:26, -ж., 19-июль

Акылбек Жапаров Оштогу долбоорлор менен таанышты

Акылбек Жапаров Оштогу долбоорлор менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Ош шаарында жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалы болгондой, кечээ, 18-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен келди. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Акылбек Жапаровду курулуп жаткан бир катар объектилер, анын ичинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

«Биз жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инфраструктураны өркүндөтүүгө жана турак жай кварталдарындагы нерселерди иретке келтирүүгө багыт алабыз. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, веложолдорду жана аллеяларды куруу, Салиев көчөсүн реконструкциялоо, этно стилдеги фонтан куруу - бул тапшырмалардын чакан тизмеси гана. Келечекте алдыда ишке ашыра турган көптөгөн ири долбоорлор бар», - деди шаар башчысы.",-деп айтылат маалыматта.

Сапардын жүрүшүндө төмөнкү долбоорлор менен таанышуу болду: Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, Салиева көчөсүн оңдоо иштери, этно аянтча, Навои жана Токтогул паркы реконструкциялоо боюнча долбоор.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...