• Башкы бет
  • Кыргызстандын авиакомпанияларында кызмат көрсөткөн Ан-28 самолёту 17 жүргүнчүсү менен Томскта авариялык тартипте конду
19:14, -ж., 16-июль

Кыргызстандын авиакомпанияларында кызмат көрсөткөн Ан-28 самолёту 17 жүргүнчүсү менен Томскта авариялык тартипте конду

Кыргызстандын авиакомпанияларында кызмат көрсөткөн  Ан-28 самолёту 17 жүргүнчүсү менен Томскта авариялык тартипте конду

Издөө кызматы Орусиянын Томск облусунун Бакчар районунда жоголгон Ан-28 самолёту табылгандыгын билдирди. Бул тууралуу ББСнин орус кызматы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, самолеттун кыймылдаткычы иштебей калып, авариялык тартипте конгон. Бортундагы 17 жүргүнчү, экипаждын үч мүчөсү тирүү экени айтылды.

 "Москва убактысы боюнча 14:36да самолеттун конгон жери аныкталган",-деди "Риа Новостинин" маектеши",-деп жазат ББСнин орус кызматы.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги самолет конгон жерде куткаруучу тик учак бар экени, дагы бир учак барарын билдирди.

Самалет Кедровый-Томск аба каттамы аркылуу бараткан. 

Ан-28 1989-жылы чыгарылган. Буга чейин Кыргызстандагы авиакомпаниялар үчүн кызмат көрсөткөн. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...