• Башкы бет
  • Биррикен Араб Эмираттарында жасалма жамгырды пайда кылуучу технология сыналды
17:00, -ж., 16-июль

Биррикен Араб Эмираттарында жасалма жамгырды пайда кылуучу технология сыналды

Биррикен Араб Эмираттарында жасалма жамгырды пайда кылуучу технология сыналды

Аптаптуу, кургак жай мезгилиндеги 50 градус жылуулукка карабай Бириккен Араб Эмираттарынын ар түрдүү райондорунда жамгырды пайда кылуучу жаңы технологиянын сыноодон улам нөшөрлөгөн жаан жаап жатат. Бул тууарлуу "Риа Новости" басылмасы БАЭдеги басылмаларга таянуу менен жазды.

"Жамгыр БАЭнин Хатта шаарынын түндүгүндөгү Хажар тоо кыркаларына жана Вади аль-Хилаль, Калба Роуд, Хувайлат райондоруна жааган",-деп белгилеген басылма.

Өз кезегинде Улуттук метеорологиялык бюросу Абу-Даби эмирлигинин Аль-Айн шаарынын жака белиндеги калкттуу конушта 47 градус ысыкка карабай жамгыр жааганын билдирди.

Синоптиктер жайында жамгыр жаабаган учурда жамгырдуу пайда кылуучу технологияны сыноодон кийин  Эмираттарда жамгыр жаагандыгын белгилешти. 

Катардагы аба-ырайын болжоочу бюро күндүн ысыгы 50 градустан ашкан өлкөдө келерки ишембиден кийинки жуманын ортосуна чейин, жайында эч качан жамгыр жаабагандыгына карабастан, жамгыр жаашы мүмкүн экендигин эскертти. Ага карабастан Катарда жайында жамгыр жаабайт.Өткөн күз, кыш, жаз мезгилинде бир аз гана жамгыр жааган.

БАЭДЕ жаан-чачынга себеп болгон технологияларды активдүү иштеп чыгарышууда.Ушул жылдын жазында жаан-чачындын көлөмүн көбөйтүү боюнча сыноо иштери жигердүү жүрүүдө. Ушундай максат менен Эмираттар жаан-чачынды  пайда кылуучу дрондорду  көбүрөөк пайдалана баштады. Аталган дрондор булуттардагы электр разярддарды пайдаланып, химиялык кошулмаларсыз жамгырды көбүрөөк жаадыра алышы мүмкүн.Мындай сыноолорду Дубайдагы SANAD академиясы Британиядагы Рединг университетинин окумуштуулары менен бирге жасоодо.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...