• Башкы бет
  • Бишкеке шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов 150 млн.сом төлөдү
12:10, -ж., 16-июль

Бишкеке шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов 150 млн.сом төлөдү

Бишкеке шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов 150 млн.сом төлөдү

Бишкек шаарынын мурунку мэри А.Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка караганда Бишкек шаарынын экс-мэри А.Суракматовго Биринчи Май райондук сотунун  мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чара чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. 

"Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, А.Суракматов менен тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, А.Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 млн. кайтарып берген. ",-деп айтылат маалыматта

Калган чыгымдарды төлөө графиг боюнча А.Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...