• Башкы бет
  • "Ош шаарынын 10-кварталындагы долбоорлорго 70 млн.сомдон ашык акча жумшалат",- мэр Т. Сарыбашов
10:30, -ж., 16-июль

"Ош шаарынын 10-кварталындагы долбоорлорго 70 млн.сомдон ашык акча жумшалат",- мэр Т. Сарыбашов

"Ош шаарынын 10-кварталындагы долбоорлорго 70 млн.сомдон ашык акча жумшалат",- мэр Т. Сарыбашов

Ош шаарындагы Ирригатор көчөсүнө 860 метр асфальт жол салуу, 78 "Ширинтай" бала бакчасына кошумча эки кабаттуу 75 орундуу имарат куруу жана 275 орундуу мектепке саркынды суу түтүктөрүн тартуу иштери жүрөт. 

Бүгүн, 16-июль күнү мэр  Таалайбек Сарыбашов аталган иштердин долбоорлору менен таанышып, бала бакчанын кошумча имаратына капсула салды.

"Азыркы учурда шаардагы жаңы конуштарга көңүл бурулуп, бир катар долбоорлор ишке ашууда. Ирригатор көчөсүндөгү долбоорлорго 70 млн.сомдон ашык акча жумшалат. Биз ушундай жаңы конуштарга көңүл бурулуп жатабыз. Былтыркы жылы ушул иштерди жергиликтүү эл суранган эле",-деди Таалайбек Сарыбашов.

Ирригатор көчөсүнө курулуучу жолдун узундугу 860 метр, жолдун жалпы кеңдиги 9 метрди түзөт. Автоунаа жүрүүчү жолдун кеңдиги 6 метр. Тротуардые кеңдиги 1,5 метр, асыальттын калыңдыгы 12 мм болот. Долбоордун сметалык баасы 16 млн. 300 миң сом .

"Ширинтай" бала бакчасына кошумча 75 орундуу эки кабаттуу корпустун сметалык баасы 38 млн.сом 173 миң, тендердик баасы 24 млн. 328 миң. Мындан сырткары, 275 орундуу мектепке саркынды суу түтүгү тартылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...