16:08, 2021-ж., 15-июль
УКМК: Мыйзамсыз көмүскө кумар оюндарынын иштерине бөгөт коюлду
14-июлда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүндө (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусундагы мыйзамсыз көмүскө кумар оюндары аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган кызматы маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын ичинен адамдардын тобу компьютердик оюн клубдарынын атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, кумар оюндарын өткөрүү жайларды ойнотуп жаткандыгы аныкталды. Аталган мекемеге күн сайын 50гө жакын адам барып турат.
"2021-жылдын 15-июлунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын кызматкерлери “К.Т.К” мекемесинин администраторун жана ошондой эле көрсөтүлгөн мекемеде жүрүү шарттарын билүү үчүн 5 адамдан турган кардарларды жеринен кармашкан. Ошондой эле, аталган мекеменин уюштуруучулары КР жарандары "К.Ж." жана "О.Н.” экендиги аныкталган",-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер