• Башкы бет
  • Аалымдар кеңеши вакцина боюнча фатва чыгарды
08:40, -ж., 15-июль

Аалымдар кеңеши вакцина боюнча фатва чыгарды

Аалымдар кеңеши вакцина боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюна фатва чыгарды. Мындай маалыматты аталган кеңештин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта айтылгандай, өткөн жылы COVID-19 пандемиясы канчалаган адамдардын өмүрүн алып кеткендиги бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү. Тилекке каршы акыркы учурларда ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ­- бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

"Дарыгер адистердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок.

Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.",- деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда эмдөө үчүн "Синофарм", "Спутник V" вакциналары колдонулууда.

11-июлда Кытайдын "Синофарм" вакцинасынан 1,2 млн. доза келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...