• Башкы бет
  • Оогансанстандагы кыргыздар 1000дей кой, 300 топозу менен Тажикстанга качты
17:34, -ж., 14-июль

Оогансанстандагы кыргыздар 1000дей кой, 300 топозу менен Тажикстанга качты

Оогансанстандагы кыргыздар 1000дей кой, 300 топозу менен Тажикстанга качты

13-июль күнү Ооганстандагы этникалык кыргыздар 1000дей майда жандык, 300дөй топозу менен Тажикстанга качып өтүшкөн. Мындай маалыматты Тажикстандагы жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, Ооганстандын Бадакшан провинциясынын Андемин айылында жашаган этникалык кыргыздар Тажикстанга качып өтүшкөн.

"77 этникалык кыргызды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстанга киргизген. Учурда алар Мургаб районуна жайгаштырылган.",-деп жазат басылмалар.

Буга чейин АКШ менен анын союздаштарынын күчтөрү Ооганстандан кетип жактан учурда "Талибан" кыймылы оогандын өкмөттүк күчтөрү көзөмөлдөгөн райондорун чабуул кое баштаган. Бүгүнкү күндө "Талибан" аталган өлкөнүн үчтөн бирин көзөмөлдөрү айтылууда. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...