• Башкы бет
  • Ошто партиялар шайлоону жокко чыгаруу боюнча арыз жазды
Шайлоо
16:48, -ж., 14-июль

Ошто партиялар шайлоону жокко чыгаруу боюнча арыз жазды

Шайлоо
Ошто партиялар шайлоону жокко чыгаруу боюнча арыз жазды

Ош шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу боюнча 2 партия Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазышкан. Мындай маалыматты аталган комиссиянын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, "Улуу Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары шайлоону жокко чыгаруу боюнча арыз беришкен.

"Бизге шайлоодо мыйзам бузулганы боюнча 3 арыз түшкөн. Азыр укук корго органдары карап, текешерип жатышат. Негизи азыр шайлоону жокко чыгарууга негиз жок. "Улуу Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын атынан өкүлдөрү арыз беришти. Дагы бир партиянын кандидаты өз алдынча арыз берди. Алар дагы каралат",-деди Аттокуров.

11-июль күнү Ош шаардык кеңешинин шайлоосу болуп, ага 8 партия катышкан. Алардын ичинен 4 гана партия тиешелүү добуштарды алып, шаардык кеңешке өттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...