• Башкы бет
  • Орхан Инандыны Бишкектен үч адам уурдаган
21:26, -ж., 13-июль

Орхан Инандыны Бишкектен үч адам уурдаган

Орхан Инандыны Бишкектен үч адам уурдаган

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен кыргыз улутундагы үч адам уурдаган. Бул тууралуу Инандынын Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз "Азаттыкка" берген интервьюсунда айткан.

Инандын Түркиядагы адвокатынын айтымында, Орхан Инанды күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган жок. Бирок Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу айтып берип, тергөөнүн суроолоруна ачык жооп берген.

"Мектептерди кантип уюштурганын, кимдерден акча келгенин айтып берди.

Бул ишти кылганыма эч өкүнбөйм, бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо аны менен алектенем, балдарга билим бердим” деп жатат. Айрым маалымат каражаттары ушул нерсени күнөөнү мойнуна алды деп жазып жатышат.

Эмне иш кылса, анын баарын түшүндүрдү. Көрсөтмөлөрү 89 барак болду. Бирок анда күнөөлүү экени тууралуу эч бир өкүнүч жок. Өзүн мыйзам буздум, күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Ал эми айрым маалымат каражаттарынын жазганы бул пропаганда эле болуп жатат. Кыргызстанга кантип мектептерди ачканын, ишкерлердин инвестиция салганы тууралуу көрсөтмө берди. Ал күнөөнү мойнуна алган жок. Жөн гана эмне менен алектенсе ошолорду айтып берди. Мыйзамсыз эч нерсе кылган жокмун деп жатат.

Мен Коопсуздук кызматы, прокуратура жана сотто көрсөтмө берип жатканда катыштым.

Уурдалып келгенин билет, көп деле маалымат айта алган жок.

Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны кыргыз улутундагы үч киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт.

Кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт.

Мага “саламаттыгым, маанайым жакшы экенин” айтып кой деди.

Жок. Бирок Кыргызстандан уурдалганда денесине залал келген окшойт. "Бул жакта психологиялык басым болуп жатат, бирок уруп-согуп денеме зыян келтиришкен жок" деп айтты.",-деген Халил Ибрагим Йылмаз "Азаттыкка" берген интервьюсунда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...