• Башкы бет
  • Ошто коронавируска каршы 47 эмдөө борбору ачылды
19:35, -ж., 13-июль

Ошто коронавируска каршы 47 эмдөө борбору ачылды

Ошто коронавируска каршы 47  эмдөө борбору ачылды

Ош шаарында коронавируска каршы акысыз 47 эмдөө борбору ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүн, 13-июлдан баштап Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады. Бул пункттарда алар «Синофарм» вакцинасы менен акысыз эмделет. Эмдөөгө келген ар бир адам жанында паспорту (ID-card) болушу керек.

Ош шаарындагы эмдөө пунктарынын даректери:

- ФАПтар: “Алмалык”, “Пятилетка”, Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак, “Сулайман-Тоо”, “Озгур”, “Беш-Калпак”.

- Мектептер: Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде.

- Ош шаарынын борбордук базары, “Фрунзе” жана “Келечек” кичи базарларында.

- «Глобус», «Фрунзе » гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт.

Мындан тышкары ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборнунун алдында эмдөөгө чейин консультация алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...