19:25, -ж., 13-июль

Ошко "Синофарм" вакцинасы келди

Ошко "Синофарм" вакцинасы келди

Ош шаарына 50 миң, облуска 85 миң доза  "Синофарм" вакцинаны келди. Мындай маалыматты Ош мэриясы таратты.

Билдирүүгө караганда, Кытайдын вакцинасынын биринчи партиясы келди. Вакциналар калкка акысыз сайылат.

Жалпысынан Ош облусуна 175 миң, Ош шаарына 110 миң доза бөлүнгөн.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 11-июль күнү 1,2 млн.доза вакцина келгендигин айткан. Мындан сырткары июль айынын аягында дагы 1,2 млн. доза келерин билдирген.

Өлкөдө 29-марттан баштап вакцина бериле баштаган. Бүгүнкү күндө 130 миңге жакын адам вакцина алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...