• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын жарандары таш атышты
Чек ара
18:51, -ж., 13-июль

Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын жарандары таш атышты

Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын жарандары таш атышты

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында чыр-чатак орун алды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн саат 00.10 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух авто жолунун кесилишинде Тажикстандын жарандары отурган эки автоунаа токтоп анын ичиндеги мас абалындагы жарандар Баткен-Исфана авто жолу аркылуу кетип бара жаткан Кыргызстандын жарандарын көздөй таш ыргытып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүшкөн.

"Чыр-чатак орун алган жерге чектешкен Кыргызстандын айылдарынын жашоочулары келип аларга жооп иретинде Тажикстандын жарандарын көздөй таш ыргытышкан.",-деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн соң алар чыр-чатак орун алган жерден тарап кетишкен. 

Эки тараптын райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери тартип бузгандарга чара көрүү максатында жолугушуу уюштурууну пландаштырууда. 

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...