• Башкы бет
  • Аксыда селдин кесепетинен 8 адам каза болду
15:54, 2021-ж., 13-июль

Аксыда селдин кесепетинен 8 адам каза болду

Аксыда селдин кесепетинен 8 адам каза болду

Аксы районунда 8 адамды сел агызып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таркаткандай, Аксы районундагы Жолборсту, Таштанды, Жаңы-Жол айылдарында 8 адамды сел агызып кеткен.

"Кырсык болгон жерде учурда куткаруучулар кызмат кылып жатышат. Куткаруучулар издөө жана ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерин жасашууда.",-деп айтылат маалыматта.

Жолборсту айылынын жогору жагындагы сайда бир үйдөн 6 адамды сел агызып кеткен. Андан тышкары сел Жаңы-Жол айылындагы 2 үйдү каптаган. Анын натыйжасында жайлоого барган жол тосулуп, көпүрөлөр агып кеткен.

Сел аккан 6 адамдан сырткары, 4 жаштагы жана 6 жаштагы баланы да сел агызган. Учурда алардын денеси табыла элек.

Айрым маалыматтар боюнча сел кечээ, 12-июль күнү 19:30дан 20:00гө чейинки убакытта аккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...